super.kg logo
  Саясат  

Сапар Исаков кымбат баалуу кол саатты сатып алууга кирешеси жетпей турганын айтты

 

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 7-декабрда ЖМКлардын өкүлдөрү менен жолугушууда үйүндө бир нече кол сааттары бар экенин айтты.

"Баалуу кол сааттардан төрт-бешөө бар, аларды башка өлкөлөрдүн жетекчилери белекке беришкен. Азыр мыйзам боюнча мамлекеттик кызматтагы адамдарга баалуу белек берилсе, аны мамлекеттин карамагына өткөрүп берүү керек. Мыйзамды аткарууга тийишпиз. Бул сааттар ал мыйзам кабыл алына электе мага белекке берилгендер", - деди Исаков.

"Азыр колумдагы кол саатты Алмазбек Шаршенович (экс-президент Алмазбек Атамбаев - ред.) белек кылган. Ал кымбат баалуу саат. Аны колдонуудан уялбайм, өзүм сатып ала албайм, анткени кирешем жетпейт. Эгер бул саатты кимдир бирөө сурап калса, белек кылып бере албайм", - деп билдирди премьер-министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 11 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: