super.kg logo
  Саясат  

"Классташым Максим Бакиевдин үйүн сатып алды" деген кабарды окуп нес болдум" дейт Сапар Исаков

 

Бүгүн, 7-декабрда журналисттер менен жолугушууда премьер-министр Сапар Исаков "анын классташы Максим Бакиевдин мүлкүн арзан баада сатып алды" деген ЖМКларда чыккан кабар тууралуу оюн айтты.

"Мен бул кабарды окуганымда нес болдум. Жалган маалымат чыкканда жүрөккө катуу тиет экен. Катардагы адамдар мындай маалыматтарды жутуп алат экен. Ал эми менин беделиме шек келтирилип жатат да. Мен сотко кайрылайын десем, кеңешчилерим мындай кылуу туура эмес дешти. Ошондуктан Башкы прокуратурага кайрылдым, бул мекеме текшериш керек, коом чындыкты билиш керек. Эгер күнөөлүү болсом, тиешелүү чара көрүлсүн", - деди Исаков.

Мындан тышкары ал Бакиевдин үйүн сатып алды делген "классташы" ким экенин аныктаганын билдирди. "Ал адам Бишкектеги мектепте окуган экен, мен болсо Ошто окугам", - деп айтты өкмөт башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: