super.kg logo
  Саясат  

Сапар Исаков: "Акылдуу шаар" "Акылдуу Дубай" долбооруна окшош болот"

 

"Huawei кытайлык компаниясы “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырууга катышат” деп бүгүн, 7-декабрда журналисттерге премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

“Бул түз инвестициялык келишим болот. Ага Huawei компаниясы катышат. Аталган компания “Акылдуу шаар” сыяктуу долбоорлор менен иштешкен чоң компаниялардын бири болуп саналат. "Акылдуу шаар" "Акылдуу Дубай" долбоорунун технологиясына окшош болот. Андан да жакшы болушу мүмкүн. Анткени биз азыркы учурда ишке ашырайын деп жатабыз. Мүмкүн камералары жакшы болот. Чынын айтканда аталган долбоор боюнча Кыргыз өлкөсүндө бир дагы адис жок. Арзан камералар коюлуп калыптыр же туура эмес жасалыптыр деген сөз чыкпаш үчүн IBM компаниясы менен иштешебиз. Бул компания техникалык көзөмөлдү ишке ашырат”, - деди Исаков.

Ошону менен катар Сапар Исаков эреже бузган айдоочуларга кандай чаралар көрүлө турганы каралып жатканын айтты. "Эгерде кимдир бирөө айып пулду төлөбөсө насыя ала албай калат же сот аркылуу автоунаасы алынат. Дагы бир сунуш бар айып пулду төлөбөгөн жаранга өлкөдөн чыгууга тыюу салынат. Бул боюнча азырынча каралып жатат. Чаралар эл аралык стандартка жооп бериши керек”, - деди өкмөт башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: