Депутат мурда Бакиевдердики болгон мүлктүн сатылышына чиновниктердин тиешеси бар же жоктугуна кызыкты
Бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жерде жайгашкан 48 VIP-коттедж боюнча суроо берди.
"Максим Бакиевге таандык болгон деп айтылган 48 коттедждин сатылышында коррупциялык схемалар болгону айтылып, анда айрым өкмөт мүчөлөрүнүн аты да аталып жатат. Бул маселеде БТА банкынын төрагасынын жана кеңешчисинин да аты аталып жүрөт. Бул маселени түшүндүрүп кетсеңиз. Бул жерди сатпай эле балдар үчүн социалдык шаарча курсак болбойт беле?" - деп суроо салды Карамушкина.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, бул объект менчиктештирүү программасына киргизилип, мыйзам чегинде менчиктештирилген. "Ал эми шаарча куруу боюнча бул жайда эч кандай коммуникациялык шарттар жок. Ал жакка резиденция аркылуу электр линияларын, жол жана башка байланыштарды алып өтүүгө толук тыюу салынган. Маалымат каражаттарында бул объектти менчиктештирүүдө коррупциялык схемалар болуп, ага өкмөт мүчөлөрүнүн тиешеси бар деген маалыматтар тастыкталбаган ушак сөздөр. Тилекке каршы, өкмөттүн башка мүчөлөрүнүн да аты бул иште аталып жатат. Мен жоопкерчиликтүү айта алам, өкмөттүн бир да мүчөсүнүн буга тиешеси жок", - деп жооп берди Зилалиев.
Айта кетсек, сентябрь айынын аягында "Идеал Хаус" ЖЧКсына таандык объектилер боюнча аукцион өткөрүлүп, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жерде жайгашкан 48 VIP-коттедж 142 миллион сомго сатылган. Баштапкы баа 240 миллион сом менен башталып, кийин 130 миллион сомго түшүрүлгөн. 12 гектар жерди ээлеген жана мурда Бакиевдерге тиешелүү болгон 48 коттедждин сатылышы боюнча өкмөттүн дарегине түрдүү сөздөр айтылып келет.
48 VIP-коттедж 142 миллион сомго сатылды


