Премьер-министрге, депутаттарга жана муфтиятка көп аялдуулук маселеси боюнча 6 талап коюлду

Бүгүн, 7-декабрда “Аялдарга карата зомбулукка каршы туруу” кыймылынын мүчөлөрү Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, көп аялдуулук маселеси боюнча пикирлерин билдиришти. Жыйынтыгында өкмөт башчы Сапар Исаковго, Жогорку Кеңештин депутаттарына, муфтиятка, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына жана жарандарга 6 талап коюшту.
Коюлган талаптар:
1. Жогорку Кеңеш көп аялдуулукту легализациялоо боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча талаш-тартыш жараткан сөздөрдү токтотсун.
2. Жогорку Кеңеш көп аялдуулуктун алдын алуу боюнча эффективдүү кошумча мыйзам чараларын иштеп чыксын.
3. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жөнүндө жаңы мыйзамды илгерилетүү жолу аркылуу маселеге көңүл буруу менен ылайыктуу механизмдерди иштеп чыксын.
4. Кыргыз мамлекетинин Мусулмандарынын Дин башкармалыгы мониторинг жүргүзүү менен көп аялдуулук жана балдардын эрте никеси тууралуу маалымат таркатуусуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушу иретинде бөгөт койсун.
5. Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүнүн кыздарына камкордук көрүү менен, аларга билим алууга жана саламаттыкты сактоого болгон жеткиликтүүлүккө мүмкүнчүлүк түзсүн, алардын экономикалык жактан өз алдынчалыгын колдошсун.
6. Дин маселелери боюнча мамлекеттик комиссия светтиктин калыптанышы боюнча иштерди жүргүзсүн.
Аталган кыймылдын курамында 100дөй адам болсо, алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, юристтер жана укук коргоочулар бар.



Ар бир аял жалгызы болгусу келсе керек жолдошунун! Мен макул болмокмун жесир аял балдарын багалбай кыйналып жолдошум жардам иретинде уйлоном десе!
жаш сулкулдогон кыздарга уйлонсо, бузулуп келип экинчи аял же токол болуп дагы бир уй буйлонун устуно бакыт курам десе. Акча учун гана токол болуп атса анда мен ага каршымын.Озунун кызындай кыздарды токол кылып атышат,мындай болбой калат гоо.
Мисалы менин алысыраак женем бар 4 баласы