Ысык-Көл: Аймакта коомдук-саясий кырдаал турукташып калды
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда “Кумтөр” маселеси боюнча пайда болгон баш аламандыктар 1-июнда соңуна чыккан, учурда аймакта коомдук-саясий абал туруктуу экендигин аймактык кабарчыбыз Айзат Анарбекова бүгүн, 3-июнда билдирди. Ички иштер министринин орун басары, Жети-Өгүз районуна комендант болуп дайындалган Бактыбек Жусубалиевдин маалыматына ылайык, өзгөчө кырдаал учурунда эч кандай мыйзам бузуулар катталган эмес. “31-майдан тарта киргизилген өзгөчө кырдаалды алуу тууралуу кайрылуу даярдалып, мамлекет башчы бүгүн саат 10:00дө өзгөчө кырдаалды жоюу тууралуу буйрукка кол койду”,- деп кошумчалады комендант.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

