ӨКМ: "Адам өмүрүнө коркунуч жаралып жаткан учурда эреже боюнча кортежди эмес, өрт өчүрүү кызматынын унаасын өткөрүү керек"

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Кортеж үчүн жолду тосуп турушту. Бул кимдин буйругу?" деген аталыштагы видео жүктөлгөн. Видеодо кең көчөлөрдүн бири аркылуу өтчү кортеждин өтүп кетишин күтүп, жол коопсуздугун көзөмөлдөөчүлөр өрт өчүрүүчүлөрдүн унаасын кармап турганын көрүүгө болот.
Бул окуя тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматына байланышканыбызда төмөнкүдөй жооп беришти.
"7-декабрь күнү саат 17:16да Бишкек шаардык ӨКМнын нөөмөт бөлүмүнө Эркиндик бульварынын №34-дарегинде үч кабаттуу үйдүн чатырында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрт болгон дарекке Свердлов райондук өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери бара жатып шаардын Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинен Кыргыз мамлекетинин жетекчилеринин кортежи өтүп жаткандыгына байланыштуу милиция кызматкерлери тарабынан өрт өчүрүүчү автоунаа 3-4 минутага токтотулган. Өрт чыккан дарекке 17:27де жетип, алар жардамга экинчи бөлүктү чакырышкан. Өрт саат 18:03 чамасында чектелип 18:25те толук өчүрүлүп бүткөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 105 чарчы метрди түзгөн. Өрттүн материалдык чыгымдары жана келип чыгуу себептери такталууда жабырлануучулар жана кыйроолор жок", - деп билдирет.
Ошондой эле ӨКМдан кабарлашкандай, эреже боюнча адам өмүрүнө коркунуч жаралып жаткан учурда өрт өчүрүү кызматкерлерине жол бошотулуп берилиши керек. Ал эми буга чейин мындай учурлар катталбагандыгын кошумчалады аталган кызматтан.
Өрт өчүрүү кызматкерлерине тоскоолдук жараткан кортеж бүгүн, 8-декабрда Бишкек шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын жыйынына келе жаткан делегацияныкы болгондугу белгилүү болду. Мындай маалыматты Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, буга чейин аталган башкармалык жогорудагы иш-чараларга карата 7-9-декабрь аралыгында шаардын бир катар көчөлөрүнө убактылуу чектөөлөр киргизилерин маалымдаган.
Кортеж үчүн жолду тосуп турушту. Бул кимдин буйругу?



















1 |