super.kg logo
  Саясат  

БШК мүчөсү Арипов Абдрахматованын комиссиянын төрайымынын орун басарлыгынан бошотулушу боюнча: "Көпчүлүк чечимге баш ийиш керек"

 

Бүгүн, 8-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы Атыр Абдрахматованы комиссиянын төрайымынын орун басарлыгынан бошотуу чечимин кабыл алды. Бул боюнча БШКнын мүчөлөрү эмне дейт?

Назарали Арипов: "Жамааттык чечим болгондуктан көпчүлүккө баш ийиш керек".

Ал эми комиссиянын дагы бир мүчөсү Абдыжапар Бекматов суроого жооп берүүдөн баш тартты. Кайрат Осмоналиев, Гүлнара Баатырова телефон чалууга жооп беришкен жок.

Айта кетсек, Атыр Абдрахматова комиссиянын төрайымынын орун басарлыгынан президенттик шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө БШКнын башка мүчөлөрүнүн кадыр-баркына шек келтиргени үчүн бошотулду. Мындай чечимди комиссиянын мүчөлөрү кабыл алды. Абдрахматова БШКнын мүчөлүгүнө “Республика-Ата Журт” фракциясынан көрсөтүлгөн. Ал президенттик шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө бир канча жолу мыйзам бузуулар боюнча маселелерди көтөрүп чыккан. Абдрахматова менен Гүлнара Журабаева президенттик шайлоонун жыйынтыгынын протоколуна кол коюудан баш тартышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: