super.kg logo
  Саясат  

Жээнбеков: "Коррупцияга каршы күрөшүү Кыргыз мамлекеттик саясатынын негизги багыттарынын бирине айланды"

 

Бүгүн, 9-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Ал кайрылуусунда акыркы жылдары коррупцияга каршы күрөшүү Кыргыз мамлекеттик саясатынын негизги багыттарынын бирине айланганын айтты.

"2012-жылы Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөшүүнүн саясатынын мамлекеттик стратегиясы кабыл алынган. Өткөн жылдары коррупциянын алдын алуу багытында өлкөдө көп иштер жасалды. Мыйзамдар өркүндөтүлдү, коррупцияга каршы күрөшүү иштерди координациялоо жөнгө салынды, укук коргоо жана сот органдары реформаланып жатат. Биз бул ишти улантабыз. Ошону менен бирге күрөштүн экинчи этабына киришебиз. Укук коргоо, көзөмөл жүргүзүү жана сот органдарындагы, мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы кызматкерлердин катарын тазалап, колу туткактардан арылабыз. Коррупцияга каршы аракеттенүүдө мыйзамдын бекем сакталышы, адилеттүүлүк жана мыйзам бузууларды сөзсүз жазалоо негизги принциптерден болууга тийиш", - деп жазылат кайрылууда.

Президент мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын көпчүлүгүн электрондук форматка өткөрүүнү тездетүү керектигин айтты.

"Башкарууну автоматташтыруу биринчи кезекте коррупцияга урулган сокку. Ошондуктан “Таза коом” улуттук программасын ишке ашыруу өтө маанилүү милдет. Ошону менен бирге мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, укук коргоо, көзөмөлдөө жана сот органдарынын кызматкерлеринин кирешесин ачыкка чыгаруу механизмдери киргизилет. Учурда коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштүн натыйжасында демократиялык мамлекетти курууда жана өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушунда олуттуу жылыштар болду. Өлкөбүз алдыга өнүгүп, элибиз коррупциядан жапа чекпеши үчүн биз бардык күч аракетибизди жумшайбыз. Бийлик бутактары мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийликтери эриш-аркак иштеп, коррупцияга каршы багытталган бардык демилгелерди колдоого алат деп ишенем”, - дейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: