Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз жыйыны өтөт. Анда коалициялык көпчүлүктү жана жаңы спикерди бекитүү маселеси каралат
Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз жыйыны өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда SUPER.KG порталына шаардык кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйын 11-декабрда саат 9:00дө башталат. Анда коалициялык көпчүлүктү жана жаңы төраганы бекитүү маселеси каралат.
Эске салсак, 28-ноябрь күнү КСДП фракциясы Бишкек шаардык кеңештеги коалициядан чыккан. 30-ноябрда шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Мүзүралиев өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырган.
Айта кетсек, шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясына КСДП (13 мандат), "Кыргызстан" (5), "Республика-Ата Журт" (12) фракциялары кирген. Оппозицияда "Мекеним Кыргызстан" (7) менен "Өнүгүү-Прогресс" (8) болушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:29
2025-11-11
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















