super.kg logo

Сизде жаңы жылдык маанай жарала элекпи? Анда бул маалымат сиз үчүн

 

Бишкек шаарынын мэриясы Жаңы жылга карата уюштурулуп жаткан иш-чаралардын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Борбор калаабыз Бишкектеги Жаңы жылга арналган иш-чаралар:

  • Майрам 15-декабрдан тарта мектептерде, бала бакчалардагы балаты майрамдарынан башталат.
  • Үйүңүзгө Жаңы жылдык маанай жараткыңыз келсе, балаты орнотуңуз. Аны сатып алууну каалаган тургундар Анкара жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде ачыла турган балаты базарына келишсе болот.
  • Ал эми 29-30-декабрда Сүйөркулов көчөсүндө жайгашкан "Оберон" базарында майрамдык жарманке орун алат. Бул жерден балатыны жана үйүңүздү кооздой турган бардык жасалгаларды табасыз.
  • 21-декабрда Бишкек шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү башкармалыгы 600 баланын катышуусунда мэрдин кайрымдуулук балатысын өткөрөт.
  • 27-декабрда эртең мененки саат 10:00дө Албек Ибраимов балдарды Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өтө турчу балатыда күтөт. Бул иш-чарага 1000ден ашуун бала чакырылган.
  • Майрамдык иш-чаралар жана театралдаштырылган концерт 31-декабрда "Ала-Тоо" аянтында болуп өтөт.
  • 31-декабрда түнкү саат 12:00дө борбордук аянтта жана Дайыр Асанов атындагы сейил багында Жаңы жылдык салютка күбө болосуздар.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: