super.kg logo

Алымбек Орозбеков Өнөр жай, энергетика комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды

 

Алымбек Орозбеков Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

2004-жылы Кыргыз улуттук университетинин Эл аралык билим берүү программаларынын интеграция институтунун эл аралык байланыштар факультетин аяктаган. 2011-жылы Япониянын Кобе шаарындагы мамлекеттик университетинин эл аралык экономикалык кызматташтык жана политология факультетин бүтүргөн.

- 2005-жылы Улуттук статистикалык комитетинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

- 2008-жылы Улуттук статистикалык комитетинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси;

- 2008-2009-жылдары президенттик администрациянын котормо жана мамлекеттик актыларды чыгаруу секторунун референти;

- 2012-жылы Экономика министрлигине караштуу инвестиция боюнча бөлүмүнүн эксперти;

- 2012-2013-жылдары аталган министрликтин инвестиция жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу;

- 2015-жылы инвестиция жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк башкармалыгынын башчысы;

- 2016-жылдын 17-майынан тарта аталган министрликтин инвестицияларды жана экспортту өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигин жетектеп келет.

Буга чейин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин орун басары болуп Кубан Мырзаканов иштеп келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: