super.kg logo
  Саясат  

Жээнбеков: "Мыйзамдын диктатурасы гана бизди чыныгы эркиндикке жеткирет. Жоопкерчиликсиз эркиндик болбойт"

 

“Мыйзамдын диктатурасы гана бизди чыныгы эркиндикке жеткирет. Жоопкерчиликсиз эркиндик болбойт”, - деп бүгүн, 9-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнүнө карата кайрылуусунда билдирди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

“Эркиндикти туу тутуп, адилеттүүлүктү ар дайым кастарлаган кыргыз эли үчүн Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнү абдан маанилүү. Азыркы заманда мамлекеттин демократиялык негиздерин бекемдөөдө адам укуктарын коргоо маанилүү милдет. Жалпы декларациянын бардык негизги ченемдери мамлекетибиздин негизги мыйзамында Конституцияда камтылган. 2016-жылы жалпы элдик референдумда Конституцияга киргизилген түзөтүүлөр Кыргыз өлкөсүнүн тарыхындагы маанилүү окуя болуп, мамлекеттин түзүлүшүн жана функцияларын, коомдун өнүгүшүн түп тамырынан бери өзгөрттү. Негизги мыйзамга киргизилген олуттуу өзгөртүүлөрдүн бири – адамдын өмүрү жана ден соолугу менен бирге, анын укуктарын жана эркиндигин мамлекеттин жогорку баалуулуктары катары тааныгандыгы. Анткени укуктар жана эркиндик - мамлекет өз жарандарына бере алган эң баалуу нерсе. Бүгүнкү күндө коомду мындан ары ырааттуу өнүктүрүүнүн негизи катары адам укуктарын жана эркиндигин сактоонун кызыкчылыгында башыбызды бириктирип, жалпы күч аракетибизди бир максатка багыттоого умтулуу абдан маанилүү”, - деп жазылат кайрылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: