super.kg logo

Сапар Исаков АКШда кубок уткан жаш хоккейчилер менен жолукту

 

Бүгүн, 9-декабрда премьер-министр Сапар Исаков АКШда өткөн “Barrington Ice Arena” эл аралык турниринде жеңишке жеткен “Алга Бишкек" жаш курама командасы менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы жаш спортчуларды турнирдеги ийгиликтери менен куттуктап, алар ата мекендик спорттун жаңы тарыхый барагын ачып жатат деп белгиледи.

"Силер биздин сыймыгыбызсыңар жана мен үчүн силер менен жолугуу абдан чоң кубаныч. Жаш курагыңарга карабай, эмгегиңер менен ийгиликке жетип, өзүңөрдүн теңтуштарыңар жана чоңдор үчүн да үлгү боло алдыңар. Кыргыз өлкөсүндө хоккейдин өнүгүшүнө анчалык көп эмес салым кошуп жатканыбызды эске алсак, силердин умтулууңар жана биринчи орунду алам деген тилегиңер менен Кыргыз мамлекетин дүйнө жүзүнө тааныта алдыңар. Бул силердин чоң спортко карай алгачкы кадамыңар жана алдыда силерди дагы жаңы жетишкендиктер күтүп турат деп ишенебиз жана күтөбүз", - деди өкмөт башчы.

Премьер-министр жаш спортчулардын ата-энелерине кайрылып, бул маанилүү жеңишке түздөн-түз тиешеси бар балдарды тарбиялап өстүргөндөрү үчүн ыраазычылык билдирди. Исаков жаш хоккейчилерге өзүнө болгон ишенимди, спорттук шыкты каалады жана эч качан ушул жетишкендиктер менен токтолуп калбоого чакырды.

Мындан тышкары, бардык жаш спортчуларга Сапар Исаков эстелик белектерди жана сувенирлерди тапшырды.

Эскерте кетсек, жаш спортчулар АКШнын Чикаго шаарында 1-8-декабрь аралыгында өткөн хоккей боюнча эл аралык мелдешке катышкан. Кыргыздын жаш хоккейчилери алгач Чикагонун "Ice Dogs" клубуна 7:11 эсебинде утулуп калышкан. Кийинки оюнда Чикаго шаарынын курама командасын 9:3 эсебинде утуп алып жеңишке жетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(7)
09.12.2017. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дан дан дан аман болгула
09.12.2017. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматтар, мотурайгандар десе.
09.12.2017. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодцы биз сыймыктанабыз силер мн
10.12.2017. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сапар Исаков! Сизге ийгилик калаайм. Мындан кийин да жакшы иштей бериниз. Тарыхта атыныз алтын тамга менен жазылат деп ишенем.
10.12.2017. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бойтойгондор ий,шириндер.Келечек силердин колунарда
10.12.2017. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар жигиттер. Ал эми Исаков Сапар акебизге да рахмат ушунтип кубанычтарын тен болушуп олтурасыз. Омурунуз узун болсун. Сиз мындан аары жакшы иштей бериниз эл менен жолугушуулар кобойо берсин оз элинен оз жеринен коркпогон элге куйгон Аллахты суйгон патриот болуп журо бериниз. Эч качан туура эмес суйлоп жаман иштер кылбаныз ушундай жакшы иштей берсениз эл сиз менен кудай кааласа.
10.12.2017. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу admin оюнду какяктан корсок болот?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: