super.kg logo

Ирак бийлиги "Ислам мамлекети" террордук уюму менен болгон согуш соңуна чыкканын жарыялады

 

Ирак бийлиги "Ислам мамлекети" экстремисттик уюму менен болгон согуш токтотулганын жарыялады. Аталган уюм Ирак жана Сириянын маанилүү аймактарын басып алып 3 жылдан бери ал жакта өз ишмердүүлүктөрүн, согуштук аракеттерин жүргүзүп жатканы маалым.

Ирактын премьер-министри Хайдер Абади бул маалыматты Багдаддагы маалымат жыйында билдирип, учурда Ирактын аскердик күч түзүмдөрү Сирия менен чектешкен чек ара аймактарын тыкыр көзөмөлдөп жатканын айтты.

Буга чейин Ирактын Сирия менен чектешкен аймактарындагы бир нече облустар "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун баскынында болуп келгени маалым. Ал эми Ирактын Рава шаары акыркылардан болуп ноябрь айында согушкерлерден бошотулган.

Ирак бийлигинин бул маалыматы Орусиянын Генералдык штабы "Ислам мамлекети" уюму Сириянын бир да аймагын көзөмөлдөбөйт" деген билдирүүнү тараткандан 2 күндөн кийин жарыяланды.

Маалымат үчүн: "Ислам мамлекети" террордук уюму Ирак жана Сириянын бир топ аймактарын 2014-жылдан бери басып, "ислам халифатын" орнотуу максатын көздөп келишкен. Алар көзөмөлдөп турган аймактарда 10 миллионго жакын калк жашаган.
Акыркы 2 жыл аралыгында аталган террордук уюм бир нече соккуларга дуушар болуп, басып алган Ирактын Мосул шаарынан кол жууган. Ошондой эле "ислам халифаты" орнотулду деп жарыялашкан Сириянын Ракка шаары да согушкерлерден бошотулган.

"Ислам мамлекети" террордук уюмуна АКШ, Канада, Улуу Британия, Түркия, Египет, Австралия, Тажикстан, БАЭ, Индия, Индонезия, Израиль, Орусия жана башка өлкөлөрдө тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
11.12.2017. 05:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошондо Кыргызстан да уруксат берилгенби
11.12.2017. 05:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аллах мусулмандарга биримдик бере кор
11.12.2017. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Игил жок болдубу деги?
11.12.2017. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mir777,менда ошого жооп алгым келип жатат, тушунбодум окуп
11.12.2017. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Игилдин партизандары дагы эле болсо керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: