super.kg logo

Бишкекте бийиктиги 1 метрден жогору болгон балаты формасындагы момпосуй жасалды

 

Бишкек шаарындагы ири соода борборлорунун биринде Жаңы жыл майрамына карата шаар тургундары үчүн майрам өткөрүлүп, анда бийиктиги 1 метр 20 сантиметр, туурасы жарым метр болгон 11 килограммдык момпосуй элге көрсөтүлдү. Иш-чара кечээ, 9-декабрда уюштурулду.

Бул балатынын формасындагы жашыл момпосуйду даярдоо үчүн чеберлер 3 саат убактысын сарпташкан. Аны жасалгалоо үчүн атайын кондитердик адистер иш алып барышкан.

"Кондитердик эмгекти негизи 8 эле килограмм салмакта жасоо пландалган болчу. Анын бийиктиги 1 эле метр болмок. Бирок кондитер адистери андан да бийик жасаса болот дешти. Келген коноктордун баарына жетиш үчүн салмагына дагы 3 килограмм, ал эми бийиктигине 20 сантиметр кошумчаладык", - дешет уюштуруучулар.

Момпосуй көргөзмөгө коюлган соң бир нече бөлүктөргө кесилип, келген конокторго таратылды. Ошондой эле иш-чара "Улыбка" элдик ансамблинин 70 катышуучу балдарынын койгон оюн-зоогу менен коштолду. Ар бир катышуучу ири момпосуй менен сүрөткө түшүп жана андан ооз тийгенге мүмкүнчүлүк алышты. Иш-чаранын соңунда чоң жаңы жылдык балатынын оттору жандырылып, кичинекей бөбөктөр балатыны айланышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 13 
Комментарийлер(7)
10.12.2017. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Анжелика журчу мындай жерлерде. Чото корунбойт го.
10.12.2017. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Tyty1990,андан коро Чукебиз эмне болуптур,ошону суйлогулочу?
10.12.2017. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жасап кайра талкалабай кое турушса болмок 31ине чейин..
10.12.2017. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Kroxa,31куну эмне болот эле?)))
10.12.2017. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул кайсы торговый центр .Россиядан калышпайт го Бишкекти жакшы биле бербейм 2-3жолу эле баргам анда да больницага.
10.12.2017. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nevestkaa, Бишкек парк
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: