super.kg logo

Театр жана кино актёру Марат Козукеев жерге берилди. Ага топурак салганы Султан Раев, Султан Жумагулов сыяктуу бир катар маданият ишмерлери барышты

 

Театр жана кино актёру Марат Козукеев Панфилов районундагы Эркин-Сай айылында жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына драматург жана экс-министр Султан Раев, маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов, өзүнүн кесиптештери, театр жана кино актёрлору катышып, топурак салышты.

Эскерте кетсек, Марат Козукеев 8-декабрь күнү кечки саат 8дер чамасында каза болгон. Карындашынын айтымында, актёр ошол күнү кечинде өзүмдү жаман сезип жатам деп келип жаткан. Ал "Тез жардам" кызматы келгенге чейин каза болуп калган.

"Биз үчүн аябагандай оор жоготуу болду. Баарыбыз, туугандар, кесиптештери нес абалдабыз. Анын көзү өтүп кеткенине ишенбей жатабыз. Ден соолугум начар болуп жатат деп айтып деле, ооруп жатып калган деле эмес болчу. Жакшынакай эле иштеп жүргөн. Кант диабети менен жабыркачу. Артында 2 кыз, 1 уулу калды", - дейт карындашы.

Марат Козукеев 1970-жылы 8-сентябрда Бишкек шаарында чыгармачыл үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Атасы Жумабек Козукеев Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында актёр, режиссёр болуп эмгектенген. Ал эми апасы Кандалат Муратова режиссёрдун жардамчысы болуп пенсияга чыкканча аталган театрда иштеген.

Марат Козукеев эмгек жолун Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында актёр, режиссёр жана көркөм жетекчи болуп улантып келе жаткан. Кыргыз киносунда дагы бир катар ролдору менен элдин эсинде калды. Ал "Чиркин өмүр" телесериалында, "Аталар керээзи", "Гаишниктер", "Кокуй кошуна" жана башка тасмаларга тартылган. Актёр театрдагы режиссёрлук талантынын сырларын ачып анын жемишин эми гана көрүп баштаган. Анын акыркы Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде коюлган "Саманчынын жолу" спектакли театрдын быйылкы күзгү сезонунда көп көрүүчүлөрдү топтогон. Ошондой эле Сактардын ханышасы Томирис тууралуу койгон "Тумар ханыша" спектакли Эл аралык "Art-ордо" театр-фестивалында гран-приге ээ болгон.






47 жашында каза болгон актёр Марат Козукеевдин сөөгү жерге берилди

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
10.12.2017. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жаткан жери жайлуу топурагы торкоо болсун аллахым билип билбей кылган куноолорун кечирсин кабыр азабынан сактасын уй булоосуно сабыр тилейм кайрат кылгыла кыргызым дагы бир жакшы инсанынан айрылды
10.12.2017. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаткан жери жайлуу болсун топурагы торко болсун!
10.12.2017. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаткан жери жайлуу болсун. Туугандарына уй булоосуно терен кайгыруу мененконул айтам.
SUPER.KG видео
10.12.2017. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жаткан жери жайлуу болсун уй булосуно сабыр берсин
10.12.2017. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ээхх, бир кун бар да эртен жок экенбиз да. Жаткан жери жайлуу болсун.
11.12.2017. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жаткан жери жайлуу болсун
SUPER.KG видео
11.12.2017. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кеттинби келбес жака кайрылып
Капаланып калды го Кыргыз эли
Кантип эле таштап кеттиң агатай
Бир боорунду бир тууганын уул кызын
Боорон беле ошол күнү билбедим
Же жаркырап күндүн нуру тийди беле
Кантебиз шумдуу ажал алып кетти
Кайгырып көз жаштар да агылды
Кыргызым бир мыкты инсандан айрылды
Кулдургондо кулдуруп ыйлатканда ыйлатып
Жүрдү эле кечээ эле бул инсан
Эми жокбу бул өмүрдө ушул биздин мыкты Инсан! !!
Asel1Aikol түзөттү 2017-12-11 11:50:19
SUPER.KG видео
13.12.2017. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эх кандай окунучтуу Аллахым бейиштик кылсын жакындарына сабыр тилейм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: