super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 10-ДЕКАБРЬ: Кызы Сайкал менен чогуу туулган күнүн белгилеп жаткан Гүлшайыр Садыбакасова "Экөөбүздүн туулган күнүбүз 2 күн мурун эле белгиленип баштады"

 

Бүгүн, 10-декабрда Кыргыз Республикасынын Эл артисти жана Эмгек сиңирген артисти Гүлшайыр Садыбакасова 64 жашка чыкса, анын кызы ырчы Сайкал Садыбакасова 25 жашка чыкты. "Кыз бурак" тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова менен куттуктоо үчүн байланышканыбызда өздүк майрамын 2 күн мурун эле белгилеп баштаганын билдирди.

"Рахмат. Бизде эки күндөн бери майрам. Кечээ күнү Сайкалдын туулган күнүн өткөрдүк. Кызымдын туулган күнүнө күйөө балам Максат торт жасатып, бизге сюрприз кылып тартуулады. Күткөн эмесмин, аябай толкунданып башкача болдум. Себеби тортто менин сүрөтүм жана Сайкалдын кичине кезиндеги сүрөтү түшүрүлүптүр. Бүгүн менин туулган күнүмдү тосуп жатабыз. Досторум, туугандарым, жакындарым жана балдарым болуп отурабыз. Оштогу кафелердин биринде даам сызып, бири-бирибизге жакшы сөздөрүбүздү айтып отурабыз", - деди Гүлшайыр Садыбакасова.

Айта кетсек, Гүлшайыр Садыбакасова 1953-жылы Ош облусуна караштуу Ноокат районунда туулган. Чыгармачылыкка болгон алгачкы кадамы 1972-жылы башталган. 1973-жылы алгачкы жолу кыздардан ансамбль түзүү аракети болгон. Чоро Кожомжаров, Эркин Курманов аттуу тунгуч кыргыз эстрада ансамблинин уюштуруучулары, көркөм жетекчилери топ түзүүгө аракет кылышкан. Кастинг башталып, тандалып отуруп алгачкы урма аспапта ойногон Гүлшайыр Садыбакасова болгон. Жыйынтыгында “Шоола” деген топ түзүлгөн. Топ Латвия, Литва, Москвага чейин барып келген. “Шоола” 7 жылдан кийин чыгармачылыгын токтотуп, Гүлшайыр Садыбакасова окууну бүткөн соң Оштогу педагогикалык окуу жайга мугалим катары жөнөтүлгөн. Ошто кыздар ансамблин түзүү демилгесин Рахман Салмаматов көтөрүп чыгып, Гүлшайыр Садыбакасова драмтеатрда 4-5 кыз менен ансамблге кошулган. Ансамблге “Кыз-Бурак” деген ат коюлган.

Ал эми Гүлшайыр Садыбакасованын кызы Сайкал Садыбакасова 1992-жылы Ош шаарында туулган. Алгач сахнага бала бакчада жүргөндө “Алтын балалык” фестивалында чыккан. 9-классты аяктаган соң Оштогу КМЮАнын алдындагы Юридикалык колледжге тапшырган. “Эстей жүр”, “Эстедим” ырлары менен жеке ырчы катары элге таанылган. "Кыз-Бурак" тобунун көркөм жетекчиси. "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "Эстей жүр" деген ыры 2006-жылы "Супер ыр" деп табылса, 2014-жылы Сайкал Садыбакасова "2014-жылдын супер ырчы айымы" наамына ээ болгон. Сайкал Садыбакасова ушул жылдын ноябрь айында телеалпаруучу Максат Доврановго турмушка чыккан.
10-декабрга карата жылнаама.





Сайкал Садыбакасованын туулган күнү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(14)
Медиа-портал
10.12.2017. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айжамал экоо жакшы эле мамиледе экен гоо. Урушуп кетти, анаа мынаа дешип...
10.12.2017. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мотуевден деле кабар алып койгула))
10.12.2017. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
General.kg,комур тугондубу
10.12.2017. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Rasul94,ооба ))
11.12.2017. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
General.kg,Мотуев түшүңө кирдиби? а
10.12.2017. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кут болсун туулган кунуздор, ишиниздерге ийгилик,уйбулоонуздорго бакыт тынчтык каалайм
10.12.2017. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
куттуктайм бактылуу болунуздар эмнеге куйоосу жонундо жазылбаган
10.12.2017. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
туулган кунунуздор кут болсун! Жогоруда айтылгандай эле уй булонуздор менен бактылуу болунуздар!
10.12.2017. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошондо Гулшайыр эжебиз кызы Сайкалды 40 ка чыкканда торогон экен да?
10.12.2017. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куттуктайбыз. Гулшайыр эже жаш коруносуз
10.12.2017. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Гулшайыр эже омурлуу болун ылайым 100го чыгын!
10.12.2017. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кундо ушулар мен жададым ушулардан чоооон катын менен кичине реклама боло беришет экенда
11.12.2017. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Bekovich76,Кыргыздын шоу бизнесинде саналуу гана адамдар болсо,ушуларды жазбаганда кимди жазмак эле? Туулган кундору кут болуп,дагы коп жашаныздар дейт элем.Негативди таштап,жакшы соз жазыныздар туугандар,ансыз да кандай мыкты инсандардын коз отуп кетип жатат окунучтуу (((
11.12.2017. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Асалим дейт го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: