super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Италиялыктарга тамактан кийин "оомийин" деп бата кылууну үйрөткөм"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Башка улуттагыларга эмнени үйрөттүңөр?" деген тема талкууга алынган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мен италиялыктарды тамактангандан кийин "оомийин" деп бата кылмайынча дасторкондон тургузчу эмесмин, эми көнүп калышты".

"Жайлоодо жүргөндө башка улуттагылар келип боз үй, кымыз жана башкалар тууралуу кызыгышат. Аларга котормочунун жардамы аркылуу ар биринин тарыхы-таржымалы тууралуу айтып берүүдөн тажабайм. Кези келгенде атка мингенди да үйрөтүп коём".

"Бирге иштеген орус досум мени көрүп бардык тамакты нан менен жегенди үйрөнүп алыптыр, "чындап эле даамдуу жана тоюмдуу болот экен" дейт".

"Мен жумушумдагы орустарга чүчкүргөндө "ак чүч" дегенди, "тамагың таттуу болсун" дегенди үйрөткөм".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
10.12.2017. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мен шаардагы кыргыздардан орусчаны
Орустардан кыргызчаны уйрондум
11.12.2017. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maks94.kb, күлө берип ичим ооруп калды
11.12.2017. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
американка волонтер кызды да тамак ичкенден кийин оомийин дедиргенбиз. азанды угуп аябай тан калаберчу кунуно 5 жолуайтылат десем санаган окшойт. 4 эле жолу уктум дейт. багымдатты танкы 4 жарымдарда айтат десем аа дейт. эртен мн8 ден эрте вообще турчу эмес. жашоо ошонуку эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: