Бүгүн саат 15:00дө SUPER.KG порталынын түз эфиринде ырчы Ильяз Абдыразаков конокто болот
SUPER.KG порталынын түз эфиринин кезектеги коногу бир канча хит ырлардын автору, ырлары кыргыз элинде эле эмес, боордош казак бир туугандардын арасында да популярдуулукка ээ болгон эстрада жылдызы Ильяз Абдыразаков.
Ырчы жубайы Мединанын сүйүктүү жолдошу, 2 уулдун мээримдүү атасы.
Ушул жылдын 20-ноябрында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин колунан маданиятка кошкон салымы үчүн Ардак грамота менен сыйланган ырчынын чыгармачылыгы, жеке жашоосу же ал тууралуу сизди көптөн бери кызыктырган суроолоруңуз болсо узатып, түз эфир аркылуу жооп алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз.
Түз эфир бүгүн саат 15:00дө башталат. Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
Суроолор +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу кабыл алынат. Ошондой эле түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот.
кошулду
13-декабрда SUPER.KG'нин түз эфиринде Ильяз Абдыразаков

1)ардайым ак конулдуулор,оор басырыктуулар,конулчоктуктор,ушулардын айынан коп учурда алданып калышат болбосо азап чегишет,сизда ошондой адамдардын
2)Намаз окуйт деп уккан жайым бар,1 масала айта кетиниз окурмандарынызга?
3)аялданда маржанданда,бийик турган бул эне,эненизге чексиз суйуунузду туз эфир аркылуу жеткире аласызбы?
А бирок сен , ошол окуган мектебине бир жолу болсода барып ыраазычылык билдирбегенинди айтып конулдору чогот. Сага айтаарым бир жолу болсо да барып койсон, ошол мугалимдердин тобосу кокко жетмек.
Сизге коптогон ийгиликтерди каалаймын!
Айбек Карымов байкебиз да теледен корунбой калды,аны да чакыргылачы