super.kg logo
  Саясат  

Жети-Өгүз районунда 3 күндө 700 киши бекер медициналык кароодон өттү

 

Жети-Өгүз районунда 31-майдан 3-июнга чейин 700 киши бекер медициналык кароодон өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 3-июнда аталган министрликтин башчысы Динара Сагынбаева Жети-Өгүзгө иш сапары менен барды. Борбордогу медициналык дарыгерлерден түзүлгөн топтун курамында невропатолог, стоматолог, уролог, гинеколог, кардиолог жана башка адистиктеги кызматкерлер бар. Ошондой эле УЗИден өтүү мүмкүнчүлүгү да каралган. Саруу айылында бүгүн 250 жергиликтүү тургун медициналык текшерүүдөн өтүп, тиешелүү жардам алды. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мекемелеринде бекер медициналык кароодон өтүүнү каалагандардын саны арбын. Министр билдиргендей, бир врач күнүнө 30дан кишини кабыл алууда.Саруу айылында 6 миңден ашуун киши жашагандыктан, бардык тургундарды медициналык текшерүүдөн өткөрүү үчүн бир ай Жети-Өгүз районунда жүрүүгө туура келет. Дагы 35 айылды текшерүү үчүн бир жыл бул жакта калуу керек. Эртең башка дарыгерлер нөөмөткө келет, бул жерде иштеп жаткандар чарчашты. Жергиликтүү тургундардын абалы башка райондорго салыштырмалуу жакшы экен”,- деди министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: