super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад ОИИБи: "Митингчилер "Медер Үсөнов бошотулганда гана Ош-Бишкек жолун ачабыз" дешүүдө"

 

Жалал-Абаддагы митингчилер "Медер Үсөнов СИЗОдон бошотулганда гана Ош-Бишкек жолун ачабыз" деп билдиришүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы 3-июнда билдирди. Укук коргоо кызматкерлери алар менен сүйлөшүү жүргүзүп жатышат, бирок жыйынтык бере элек. ОИИБинин маалымат катчысы Жылдызбек Аттокуровдун айтымында, сүйлөшүүлөрдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жолдон тоспой өткөрүп жиберүү маселеси каралып жатат. 

Эске салсак, 31-майда Жалал-Абад шаарындагы баш аламандыкта митингчилер менен бирге облус башчысын иш ордунан кууп чыгып, өзүн "элдик губернатормун" деп жарыялаган Медер Үсөнов 1-июнда УКМК тарабынан кармалып, ага карата кылмыш иши козголгон. Учурда СИЗОдо. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: