Роза Отунбаева: "Текебаев отурган колониянын шарты дурус деди"



Бүгүн, 11-декабрда экс-президент Роза Отунбаева №47-түзөтүү колониясында отурган экс-депутат Өмүрбек Текебаев менен жолукту.
"Ден соолугу, маанайы жакшы. Духу сынбаптыр. Бир топ нерселерди сүйлөшүп алдык. Абактын жетекчилигине эч кандай доосу жок. Жаткан камерасына барган жокпуз. Шартын сурасам дурус деди", - деди Отунбаева.
Мындан тышкары ал Текебаевдей жылдыздуу саясатчылар элге дайыма керектигин баса белгиледи.
Эскерте кетсек, 8 жылга эркинен ажыратылган экс-депутат Өмүрбек Текебаевге №47-абакта жазасын өтөө чечими чыгарылган.
Отунбаева №47-түзөтүү колониясында отурган Текебаев менен жолукту
Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:41
2025-06-25
Рейтинг:
4

Оо Теке ал жакта жөн жатпайтко күтө турабыз
оозунан чыгып калатко