super.kg logo
  Саясат  

“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди

 

Президент Алмазбек Атамбаев “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 18-апрелде кабыл алган. Ал дене тарбия жана спортту башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын төмөнкүлөр боюнча тактоону карайт:

- өкмөт белгилеген тартипте дене тарбия, ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы коомдук бирикмелерди аккредитациялоо;  

- спорттун түрлөрүнүн жана спорттук дисциплиналардын улуттук тизмесин жүргүзүү;

- эл аралык спорттук мелдештерде Кыргызстандын  атынан чыгуучу жогорку квалификациялуу спортсмендерди уюштуруу жана даярдоо маселелери боюнча дене тарбия, ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы расмий коомдук бирикмелердин ишин координациялоо жана көзөмөлгө алуу. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: