super.kg logo

Бишкекте шаарды Жаңы жылга карата жасалгалоо боюнча сынак старт алды

 

Бишкекте мэриянын Жаңы жылга карата шаарды мыкты жасалгалоо боюнча сынагы старт алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, сынакка райондук администрациялар, министрликтер, административдик мекемелер, бюджеттик мекемелер катыша алышат. Мунун башкы максаты шаардагы көчөлөрдүн, имараттардын Жаңы жылга карата жасалгалануусун шарттоого шык берүү болуп саналат.

Сынакта жеңүүчүлөр 4 номинация боюнча аныкталат:

1. Жаңы жылга карата коомдук мейкиндиктин мыкты жасалгалоосу (сейил бак, гүлбакча, короолор жана башка коомдук мейкиндиктер).

Буга мэрия тарабынан Бишкек шаарындагы 4 административдик районго премиялар каралган:

1-орун: 60 миң сом;

2-орун: 35 миң сом;

3-орун: 25 миң сом;

3-орун: 25 миң сом.

2. Бишкек шаарындагы жаңы конуштар арасындагы мыкты жаңы жылдык жасалгалоо:

1-орун: 20 миң сом;

2-орун: 15 миң сом;

3-орун: 10 миң сом;

3. Министрликтер, административдик мекемелер, бюджеттик мекемелер жана башка Бишкек шаарындагы мекемелердин имараттарынын мыкты жасалгалоосу:

1-орун: 20 миң сом;

2-орун: 15 миң сом;

3-орун: 10 миң сом;

4. Соода-сатык, тейлөө жана коомдук тамактануу коммерциялык объекттердин арасындагы сынак:

1-орун: 1-даражадагы диплом;

2-орун: 2-даражадагы диплом;

3-орун: 3-даражадагы диплом;

Сынакка катышуу табыштамаларды Бишкек шаарынын райондук администрациялары 2017-жылдын 31-декабрына чейин кабыл алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.12.2017. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы идея
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: