super.kg logo
  Спорт  

Алыш боюнча эл аралык мелдеште Кыргыз балбандары алдынкы орундарды ээлешти

 

Кечээ, 10-декабрда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн Кыргыз Республикасынын баатыры Абсамат Масалиевдин элесине арналган алыш күрөшү боюнча эл аралык мелдештин жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулар билдирди.

Белгилүү болгондой, аталган мелдешке өлкө аймагынан Бишкек жана Ош шаарларынын, Талас, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Баткен облустарынын спортчулары жана жакынкы Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн спортчулары катышып байгелүү орундар үчүн күч сынашты.

Мелдеште эркектер арасында 4 салмак категорияда (70, 80, 90 килограммга чейинки жана 90 килограммдан жогору) жана кыз-келиндер арасында 3 салмак категорияда (65, 70 килограммга чейинки жана 75 килограммдан жогору) күч сынашып, мыктылары аныкталды.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Эркектер арасында 70 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Элдияр Сексенбаев (Бишкек)

2-орун: Ирлан Казбек уулу (Бишкек)

3-орун: Үсөн Жаныбек уулу (Ош)

3-орун: Марлен Абдурасулов ( Ош)

80 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Мырзабек Кочкоров (Ош)

2-орун: Азизжан Мусабек уулу (Бишкек)

3-орун: Санжарбек Аманов (Бишкек)

3-орун: Курманбек Хабибуллаев (Бишкек)

90 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Кадыр Келсинбеков (Бишкек)

2-орун: Ымангазы Койлуев (Бишкек)

3-орун: Камолиддин Абдурахимов (Лейлек)

3-орун: Сүймөнкул Камчыбеков ( Бишкек)

90 килограммдан жогору салмак ченинде:

1-орун: Ойбек Камулов ( Бишкек)

2-орун: Руслан Тавалдиев (Бишкек)

3-орун: Хасан Ериев ( Тажикстан)

3-орун: Бектурган Хожомуратов (Ош).

Кыз-келиндер арасында 65 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Мээрим Момунова (Бишкек)

2-орун: Анара Рыскулова (Бишкек)

3-орун: Канайым Акматбек кызы (Бишкек)

3-орун: Кавазхон Журакузиева (Өзбекстан)

75 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Перизат Жакыпбекова (Казакстан)

2-орун: Элза Абдыкадырова (Бишкек)

3-орун: Нурзат Бактыяр кызы (Ош)

3-орун: Бубурабия Лутфилла кызы (Ош)

75 килограммдан жогору салмак ченинде:

1-орун: Нагира Сарбашова (Бишкек)

2-орун: Кундузай Жайчибекова (Бишкек)

3-орун: Галиябану Аманханова (Казакстан)

3-орун: Юлдух Мухаммадиева (Өзбекстан)






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.12.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу супер инфо Абсамат Масалиев Кыргыздын биринчи секретары эмеспи?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: