Владимир Путин Сириядан орусиялык аскерлерди чыгарууну буюрду

Орусиянын президенти Владимир Путин Сириядан орус аскерлерин чыгарууну буюрду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, бүгүн, 11-декабрда эртең менен Путин Сириядагы Хмеймим орусиялык базасына барды. Анын айтымында, аскерлер өздөрүнүн туугандарына жеңиш менен кайтып жатышат. "Ата мекен силерди күтүп жатат. Ак жол. Кызматыңар үчүн ыраазычылык билдирем. Бул жерде, Сирияда жана бизде, Орусияда террор менен күрөшүүдө каза болгондорду эч качан унутпайбыз. Эгер террорчулар кайра башын көтөрүшсө, биз алар эч качан көрбөгөн чабуул жасайбыз", - деди Путин.
Эскерте кетсек, 2015-жылы Орусия Сириянын президенти Башар Асаддын суранычы менен Сирияда террорчулукка каршы операцияны баштаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
4

