super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Алыс жерден куда күтсөң - артынчактап аш келет, жакын жерден куда күтсөң - түрдүү ушак кеп келет"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Алыс жакка турмушка чыккан жакшыбы же жакын жергеби?" деген тема талкууга алынган. Анда автор: "Алыс жакка турмушка чыккан кимге жагат? Мырзаларга алыс жактан үйлөнгөн жагабы же айырмасы жокпу? Мага алыс жакка турмушка чыккан жагат, "төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт" дейт эмеспи, жакын болсоң кечке бара бересиң. Жакын жерге тийсем, ата-эне, бир туугандарыма баркым кетип калабы деп ойлойм. Алыска тийсең жакшы болуш керек, баары топтолуп чоң конок кылып тосуп алышат жана барктуу болосуң", - деген билдирүүсүн калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мага жакын жерге эле турмушка чыккан жагат, өз айылыма эле турмушка чыксам дейм. Менин бир эжем Баткенге, бир эжем өз айылыбызга турмушка чыккан, биз үчүн экөө тең барктуу, бир гана артыкчылыгы - Баткендеги эжем келсе кой союп күтүп алабыз. Айылыбыздагы эжем иштегендигине байланыштуу бир жумада бир келет, анда да аз эле саатка, ошол бир жумада эле сагынып калабыз".

"Сүйгөнүм үчүн Кыргыз өлкөсүнүн кайсы бурчуна болсо да бармакмын. Башкысы жолдошум жана анын ата-энеси, жакындары жаныбызда болсо болду. "Кыз барган жеринде суудай сиңип, таштай катысын" деген сөздү жеке принцибим катары эсептеп келем".
"Кыз кезимде алыска турмушка чыксам дечүмүн, сыйлуу болуп жүрөсүң деп ойлочумун. Азыр эми өзүм эне болгондон кийин кыздарымдын алыска турмушка чыкканын элестетсем коркуп кетем".

"Алыска тийгендин терс жактары:
1. Балалуу болгондо жол азабы кыйнайт. Күйөөң бошобой калса, такси менен болсо да барасың да.
2. Кээде туугандарың чогулуп калышса жетип бара албайсың.
3. Туугандарың дагы жол узак деп айылчылап барышпайт".

"Мага алыспы, жакынбы, мааниге ээ эмес. Эң башкысы сүйгөнүмө жетип бактылуу жашасам болду".

"Алыс жерден куда күтсөң - артынчактап аш келет, жакын жерден куда күтсөң - түрдүү ушак кеп келет".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жерге кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: