Курдаштары тарабынан шылдыңга кабылган АКШлык окуучуга белгилүү жылдыздар колдоо көрсөтүшүүдө
АКШнын Теннесси штатынын тургуну, кичинекей окуучу Китон Жонс социалдык тармактарга тараган видеосунан соң чыныгы жылдызга айланды. Тактап айтканда, ал видеодо өзү менен тең курдаштарынын шылдыңдоосуна кабылганын ачык айтып, көзүнө жаш алган.
"Алар менин мурдумду сынга алышат. Мени түрү суук деп атап "досуң жок" дешет. Эмнеге алар шылдыңдашат? Мунун мааниси барбы?" - деген ал. Видеону баланын апасы тартып, социалдык тармактарга тараткан.
Видео интернетке тараган соң Китон Жонсту колдогондордун арасына белгилүү жылдыздар да кошулушкан: Жастин Бибер, Марк Руффало, Snoop Dogg жана башкалар.
Жастин Бибер:
"Мен сенин досуңмун. Мени достугуңа кош, сүйлөшүп турам. Сени жакшы көрөм, досум!"
Марк Руффало:
"Досум, кичинемде мени да шылдыңдашчу. Сен мен үчүн баатырсың. Жүрөгүңдү капа кылба, сенин Халк деген досуң бар"
Snoop Dogg:
"Сүйүү - жек көрүүнү жеңүүнүн жалгыз гана жолу".
Китон Жонстун кайрылуусу



1 |