super.kg logo

Сауд Арабия 35 жыл мурун тыюу салган кинотеатрларды кайрадан ишке берет

 

Сауд Арабиянын бийлиги 35 жыл бою тыюу салынып келген кинотеатрларды кайрадан ачып иштетүүгө уруксат берилерин жарыялады. Кинотеатрларга 1980-жылдары дин шарияттарына туура келбейт деген негизде тыюу салынган. Эми аларды кайрадан ачуу 2018-жылдын март айларында ишке ашып баштайт.

Кечээ, 11-декабрда ханзаада Мухаммед бин Салман 2030-жылга карата социалдык-экономикалык реформалар боюнча планды тааныштырып жатып, өлкөдөгү бир нече тыюу салынган катмарларга болгон басымдар жумшартыларын белгиледи. Алардын ичинен аялдарга унаа айдоого жана спорттук мелдештерге барууга уруксат берүү да камтылган.

Кинотеатрларга кайрадан уруксат берүү зарылчылыгы Сауд Арабияда экономикалык себептерден улам келип чыккан. Нефтинин баасы төмөндөп кеткендигине байланыштуу өлкө ички дүң продукцияны өстүрүүнүн башка жолдорун издөөдө. Анын бири - көңүл ачуу жана оюн-зоок өткөрүү тармагын өнүктүрүү.

Сауд Арабиянын маалымат жана маданият министри Аввад бин Салех кинотеатрлардын ачылышы экономикалык өсүүнүн жакшы багыты деп белгилейт. "Маданият секторун өнүктүрүү менен жаңы жумуш орундарын ачып, соода-сатык тармагында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача алабыз", - деди министр.

2030-жылга чейин Сауд Арабиясы 300дөн ашык кинотеатр ачууну пландоодо. Бул 2000 кинозалдын ачылышын шарттайт. Мунун негизинде өлкө экономикасына театрлар 24 миллион долларга жакын каражат алып келери жана 30 миң жумуш орундары ачылары болжонууда.

Көп жылдардан бери быйыл өзгөчөлөнүп, падышачылыкта арабиялык белгилүү ырчылардын жана эл аралык поп-жылдыздардын концерти уюштурулду. Ал эми 14-декабрда Кызыл деңизди жээктеп жайгашкан Жедде шаарында бийлик демөөрчүлүк кылып уюштурган концерт өтөт. Анда АКШдан ырчы Нелли жана алжирлик ырчы Халед катышмакчы. Бирок концертке кирүүгө бир гана эркектерге уруксат берилмекчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
12.12.2017. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо, эмне деп тушунсок болот.
12.12.2017. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок рискти эске алышты бекен, бизнеспланда оной корунгону менен реализацияга келгенде башкада...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: