super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Жаңы президент да Ак Үйдүн "ачкычын" Фарид Ниязовго карматты

 

Бүгүн, 12-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Фарид Ниязовду президенттик аппараттын башчысы кылып дайындады. Фарид Ниязов 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо КСДПнын шайлоо штабын жетектеп, 2011-жылы премьер Атамбаевдин, 2011-2017-жылдары президент Атамбаевдин кеӊешчиси, аппарат башчысы болуп такай жанында жүргөн. Сооронбай Жээнбековду президенттик кызматка даярдап, шайлоодон жеңип келген штабга да жетекчилик кылды. 24-ноябрда кызматка киришкен Жээнбеков 1-декабрда Ниязовду өзүнө кеӊешчи кылып дайындаса, эми аппарат башчылыкка бекитти. Кызматка жаӊы киришкен Жээнбеков кимдерден команда курайт, кандай иш жүргүзөт деп карап турган коомчулукка Ниязовдун президенттик аппараттын жетекчилигине дайындалышы менен бир нерсе түшүнүктүү болду. Демек, Алмазбек Атамбаев Ак Үйдөн биротоло кеткен жок, аны 7 жыл бою коштоп жүргөн Фарид Ниязов эми Сапар Исаковдун өкмөтүн, Жээнбековдун командасын дагы Атамбаев менен байланышта кармап туруучу маанилүү фигура болот...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: