super.kg logo

"О!Деньги" мобилдик тиркемесинде масштабдуу жаңылануу

 

Программисттердин командасы тарабынан жакында пайдалануучулардын өздөрүнүн жардамы менен user experience (UX, — бул пайдалануучунун тажрыйбасы) жакшыртылышынын негизинде «О!Деньги» тиркемесин колдонуу мурункудан да ыңгайлуураак болуп калды. Маанилүү жаңылануулардан төмөнкүлөрдү белгилесек болот:

  1. Бөлөк капчык. Каражаттар үчүн өзүнчө “сактагыч” кошулду – “электрондук капчык” ишке кирди. Эми байланыш үчүн төлөөгө баланстагы каражаттар бөлөк, коммуналдык кызматтар, интернет жана башка төлөмдөр үчүн акчалар бөлөк сакталат.
  2. Инсандыкты тастыктоо. Эми бир катар коммуналдык кызматтарды төлөөдө төлөөчүнүн фамилиясы чыгат. Керектүү маалыматтарды көргөн соң эми сөзсүз адашпайсыз.

Жалпысынан колдонуучулардын бир катар пикири менен сунуштары боюнча иш жүргүзүлүп, каалоолору майда баратына чейин иштелип чыкты. Бул багытта иштер улантылууда, ар бир пикир программисттер тарабынан тыкыр иликтенип, кийинки жакшыртууларга негиз болууда. Өз сунуш жана каалоолорун Google Play Market же AppStore тиркемелер дүкөнүндө калтырса болот.

«О!Деньги» каржылык кызматы жөнүндө эмнени билүү маанилүү?

«О!Деньги» – 2017-жылдын 28-сентябрында О! мобилдик операторунун абоненттерине алгачкылардан болуп жеткиликтүү болгон акысыз мобилдик тиркеме болуп саналат. Сутканын каалаган мезгилинде бир эки кликтин жардамы менен коммуналдык төлөм болобу, үй интернети же ТВ болобу, башка түрдүү кызматтар үчүн төлөөгө мүмкүн. Тиркеме жөнөкөйлүгү менен айырмаланат, анткени балансты көнүмүш болгон фирмалык О! терминалдарынан, промоутерлерден, сатуу жана тейлөө кеңселеринен комиссиясыз толтурса болот. Каалаган дүкөн жана дүкөнчөлөрдөн да толтуруу жеткиликтүү. Ошондой эле каалаган банктын картасын да туташтырып койсо абдан ыңгайлуу, анда эсепти толтуруу жөнүндө унутуп койсо деле болот. Тиркеме ишенимдүү түрдө сиздин жеке шарт белгиңиз жана уникалдуу бармак изиңиз менен корголгон. Банктык карталар менен жүргүзүлгөн операциялардын коопсуздугуна Visa жана MasterCard коопсуздук токтомдору жооптуу. Жөнөкөй. Тез. Ишенимдүү.

БОНУС - 1 ГБ! Тиркемени азыр жүктөп жана каалаган кызмат үчүн алгачкы төлөм жүргүзсөңүз, О! түйүнүнүн ичинде бир айга 1 ГБ интернет-трафик белекке аласыз.

«О!Деньги» – баарына өз балансыңдан* төлө!

*баланс – пайдалануучунун электрондук капчыгынын эсеби.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(2)
12.12.2017. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жакпады. Тормоз боло берет экен
12.12.2017. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МобильникДеньги жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: