super.kg logo

Бир суткада 2 адам темир жолдо кырсыкка учурады, алардын бири каза болду

 

Бүгүн, 12-декабрда эки жаран темир жол каттамында кырсыкка кабылышты. Алардын бири окуя болгон жерден каза болгон. Мындай маалыматты "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, биринчи кырсык “Бишкек I” “Бишкек II” станциясынын 3777-чакырымында катталган. Анда азиат түспөлүндөгү 30-35 жаштагы жаран жүрүп келаткан поездге боюн таштаган. Кырсык бүгүн таңкы саат 7де болгон. Поездди токтотууга мүмкүн болбой калып, жаран кырсык болгон жерден каза болгон. Ишти укук коргоо органдары кароодо.

"Экинчи кырсык Токмок темир жол каттамынын 5-станциясында катталды. Анда азиат түспөлүндөгү 19-20 жаштагы кыз жабыркаган. Жыйынтыгында кыз бутунан жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Эскертүү! Поезд эч качан ыкчам токтобойт. Ылдамдыкта келе жаткан поезд 500-800 метрден кийин барып токтогондуктан, темир жол аймагы өтө кооптуу болуп эсептелет. Темир жол каттамында адам өмүрүнө келтирилген зыянды жана темир жолго токтоп туруп калган автоунаалар үчүн “Кыргыз темир жол” кызматы жоопкерчилигин ала албайт. Темир жол каттамындагы кесилиштерде жарандардын сак болуусун эскертебиз", - деп билдирет Кыргыз темир жолунун маалымат кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.12.2017. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соо мээси иштеген адамдар поездин астына эч качан боюн таштабайт. Значит поезддин алдына атайын секирип олгондорго кайгырып деле кереги жок
12.12.2017. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Урматтуу кыргыз темир жол жетекчилиги Алатоо жаны конушундагы кесилишке (темир жол менен авто жолдун) качан шлагбаум койсунар?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: