Ноокенде 40 жаштагы тургун изделүүдө. Ал үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес
Ноокен районунун 40 жаштагы тургуну Байгазы Ниязалиев изделүүдө. Ал ушул жылдын 3-декабрь күнү Курулуш айылынын Ак-Жийде тилкесиндеги үйүнөн "Кочкор-Ата шаарына барып иштеп келем" деп чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
"Бою 168-170 сантиметр, кара тору, кашы-көзү кара, чачы кара кыска, орто дене түзүлүштө. Ошол күнү үстүндө кара түстөгү күрмө, башына кара түстөгү тумак, кара түстөгү шым жана бутуна кара түстөгү көлөч кийип жүргөн. Жогорудагы жоголгон атуул боюнча кандайдыр бир маалымат болсо Ноокен РИИБине кабар берип коюуңуздарды суранабыз. Байланыш телефондору: 0(3734)5-05-44, 0 (777) 02-10-69, 0 (706) 02-10-69, 0 (556) 89-93-89", - деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБинен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Aitun

12.12.2017. 14:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байгазы акаго. Табылып калсын эсен аман.
Aitun

12.12.2017. 18:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ноокен Районуна караштуу Ноокен айыл окмотунун Рахманжан айылынын Ак жийде участкасынын ( Тоок багар кообу ушинтип аташат) жашоочусу. курулуш ошол Рахманжан айылынын участкасы. Паспорто биздин башы кыйын иштегендер ошентип жазышкан. Ноокен айыл окмоту деп корсотбойбу Курулушту кобу билбейт Рахманжан десен ааа дешет.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.