"Мечит кургам" деген депутат мечиттерге электр энергиясын жеңилдетилген баада берүүнү сунуштап жатат

"Өлкөдөгү мечиттерде электр энергиясына болгон бааларды төмөндөтүү зарыл", - деген сунушун бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйналышында депутат Кожобек Рыспаев (КСДП) билдирди.
Отун-энергетика комплекси боюнча агенттиктен билдиришкендей, өкмөттүн токтому менен электр энергиясынын колдонуучуларына берилген тариф 7 топко бөлүнгөн. Учурдагы тариф боюнча коммерциялык уюмдарга жеңилдик берүү жагы каралган эмес. Мечит медреселер коммерциялык мекемелердин тарифине киргизилген. Комитет төрагасы Кожобек Рыспаев мечит медреселер коммерциялык тарифке туура эмес киргизилип калганын айтты.
“Мечиттерде өндүрүш жок. Алар коомдун кызыкчылыгы үчүн иш алып барышат. Маселе бизге жана төрагага жиберилген. Мен өзүм мечит кургам. Эми электр энергиясы үчүн өзүмдүн капчыгымдан төлөөгө туура келип жатат. Силер эгер мечиттерге электр энергиясынын баасы түшүрүлсө, анда балдар үйлөрү да тарифти түшүргүлө деп айтарынан коркуп жатасыңар. Эмне үчүн алар мындай тариф менен төлөшү керек”, - деп нааразы болду Рыспаев.
Буга чейин, 26-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов диний объекттер коммерциялык өнөр жай категориясына кирип калганын айтып, электр энергиясынан жеңилдик берүү жагын сунуштаган болчу.


Биздин айылда 3 мечит бар экөсү бош эч ким барбайт, мурда бир эле мечит бар убагында мечит толуп турчу ар намазда, азыр 5-6 эле адам барат
Жалгыз бала бакча бар, ага да ата-энелер балдарын киргизе албай убара орун жок,кезек күтмөй, мектептердин акыбалы башка сөз
Сен Исламга каршы чыктың,сен каапырсың, сен тозокто күйөсүң" деп каргап,өкүм чыгарып киришет диндин ашынган фанаттары. Альхамдулилях мен мусулманмын, элге туура дин жеткириш керек
Сүннөт кийбесе, сакал койбосо ал мусулман эмес деген түшүнүк бар экен, чоң аталарыбыз чапан, калпак-тебетей кийип эле намаз окуп келишкен..
милдет кылгандай болуп калат Мечитти
ким куруп жатканын да билгизбешке
аракет кылыш керек.
2. Кантип озубуздун кереметибизге
озубуз ээ болалбайбыз уят эле
5 пансионатты алып бир отел
салып бергиле деп барабы эми.
Бирөөсү мамлекетке кайтарса экинчиси кайра кайтарып ортодон жеп сатса, ким таза иштейт
Тиги теманын талкуусу жабык экен, ошого ушул жака жазууга туура келтат. Биздин чондор озбектерге Ысыкколдон торт пансионатын берип, анан орто-токой суу сактагычын откоруп алышкан окшойт, атак озбектер ото куу, суу сактагычты жондон жон беришпейт).