super.kg logo
  Саясат  

Жээнбековдун иш сапарынын алдында депутаттар Ысык-Көлдөгү 4 пансионатты Өзбекстанга кайтаруу боюнча маселени чукул карашты

 

Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга иш сапарынын алдында Жогорку Кеңештин комитети Ысык-Көлдөгү Өзбекстандан кайтарып алынган 4 пансионатты кайра алардын балансына өткөрүү боюнча маселени чукул карады.

Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында бул маселе күн тартибине кирген эмес болчу. Бирок комитет жыйыны аяктагандан кийин депутаттар бул маселени кароо үчүн кичи жыйындар залына кайра чогулушту. Мыйзам долбоорун вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев баштаган өкмөттүн мүчөлөрү алып киришти.

Мамлекеттик мүлк фондунан билдиришкендей: урдагы аты кыргызчаланып өзгөртүлгөн "Золотые пески" - "Бостери", "Рохат" - "Алтын жай", "Дилором" - "Эне-Сай" жана "Бостон" пансионаттарын кайра Өзбекстанга кайтаруу боюнча макулдашуу сунушталат. Пансионаттар жайгашкан жер мыйзамга ылайык Кыргыз мамлекетинин менчиги болот. Ал жердеги мүлктөр, турак жайлар Өзбекстанга тийиштүү болот. Келишимге ылайык, өзбек тарап бул турак жайларды өткөрүп алгандан кийин ал жерге 3-4 жылдыздуу заманбап мейманканаларды куруу милдеттемесин алып жатат", - деди Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Бекболот Алиев.

Депутаттар пансионаттардын карызы бар экенин айтып, бул маселе кандай чечилерине кызыгышты. Бирок өкмөт мүчөлөрү бул суроого жооп бере алышкан жок.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү бул мыйзам долбоорун жактырды.

Белгилей кетсек, 13-14-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга расмий иш сапары менен барат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -14 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: