Шайырбек Ташиев: "Биздин талаптар толук аткарылмайынча Ош-Бишкек" жолун ачпайбыз"
"Ош-Бишкек жолун талаптарыбыз толук аткарылмайынча ачпайбыз. Туура, Жалал-Абадда жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүлөр болду, бирок биз жолду ачабыз деп сөз берген жокпуз",- деди митингчилердин бири Шайырбек Ташиев. Айтымында, бүгүн, 3-июнда "ата журтчулардын" тарапташтарынан дайындалган 4 өкүл Бишкекке жолугушууга барган, аларды вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кабыл алып, бирок маселе толук чечилген эмес. "Биздин үнүбүздү уккулары келбей жатат. Талаптарыбызды жарым-жартылай чечүү менен жолду ачабыз деп убара болушпасын. Биз баары бир жолду ачпайбыз. Медер Үсөнов менен 3 депутатты бошотушун талап кылабыз",- деди Ш.Ташиев.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

