Аскарбек Шадиевдин ордуна Жогорку Кеңештеги комитет төрагалыгына кайсы депутат сунушталганы белгилүү болду

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы кызматына сунушталды. Бул тууралуу "Бир-Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов бүгүн, 13-декабрдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.
"Аскарбек Шадиев эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы болчу. Ал биринчи вице-премьер-министр кызматына кеткенине байланыштуу комитет төрагалыгына Исхак Пирматовдун талапкерлигин сунуштайбыз. Бул боюнча фракциянын чечими бар. Күн тартибине киргизип койсок", - деди Сулайманов.
Депутаттар комитет төрагасын шайлоону бүгүн, 13-декабрда өткөрүүнү чечишти.
Белгилей кетсек, 7-декабрда Аскарбек Шадиев биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

