super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков Кыргыз-Өзбек чек арасы боюнча мыйзамга кол койду

 

Президент Сооронбай Жээнбеков «Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы чек ара өкүлдөрүнүн иши тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 7-декабрында кабыл алынган.

"Макулдашуунун негизги максаты - Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстандын өз ара мамилелерине байланыштуу маселелерди жөнгө салуу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын участокторунда чек ара өкүлдөрүнүн ишинин тартибин регламенттөө, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, чек арадагы чыр-чатактарды чечүү жана мамлекеттик чек арада режимди сактоо", - деп айтылат маалыматта.

Бул макулдашууну ратификациялоо чек ара инциденттерин чечүүдө, чек арадан өтүүнү биргелешип текшерүүдө жана чек ара өкүлдөрүнүн ишинде Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүү элементи болуп эсептелет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: