super.kg logo

Депутаттар Үңкүр-Тоо маселеси кандай чечилип жатканына кызыгышты

 

Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз өкмөтү менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы Аба кыймылын тейлөө үчүн жоопкерчиликти өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору 1-окууда каралууда. Бул маселе боюнча транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов баяндама жасап жатат.

Жыйындын жүрүшүндө "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан Үңкүр-Тоо боюнча сурады. Министр бул суроо Чек ара кызматына тиешелүү экендигин, маселе азырынча чечиле электигин айтты. Депутат өкмөттөр аралык жолугушууларда бул маселе чечилиш керектигин билдирди.

Төрага Дастан Жумабеков Үңкүр-Тоо маселеси бүгүн өзүнчө карала турганын айтты.

Айта кетсек, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан Үңкүр-Тоо Кыргыз-Өзбек чек арасындагы талаштуу тилкелердин тизмесине кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.12.2017. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биздин чондор эч качан так маалымат бере албайт караштырып жатабыз териштирип жатабыз андай болот мындай кылам мен бутуром дешке эрки жетпейт
13.12.2017. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сариев Ункур тоону Озбектерге откоруп бериптир деп чыгвшты элего? Президенттик дебат учурунда Малиев Сариевке откоруп берип салгансын деп куноологон. Эми дагы эле чечмле элек деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: