super.kg logo

Транспорт министри: "Өлкө ичинде арзан каттамдарды көбөйтүү үчүн учактар жетишпейт"

 

Кыргыз өлкөсүндө ички каттамдарды көбөйтүү үчүн учактар жетишсиз. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.

"Кыргыз өлкөсүндө мамлекеттик 5 авиакомпания иштейт. Анын үчөөсү ийгиликтүү иштеп келе жатат. "Эйр Кыргызстандын", тилекке каршы, учактары болбогондуктан уча албай жатат. Ошондуктан анын акцияларын сыртка сатуу боюнча өкмөт менен иштеп жатабыз. Бизде авиакомпаниялардын учактары жетишсиз. Биз быйыл ички каттамдарды камсыздоо үчүн төрт учак сатып алабыз дегенбиз. "Авиа траффик" компаниясы экөөнү алып келди. Мамлекеттик "Манас" аэропорт ишканасы эки учак алмак, сатып алуулар боюнча мыйзамга бир аз карама-каршылыктар келип ала албай калдык. Кийинки жылы алабыз деп пландап жатабыз. Учактар көбөйгөндөн кийин ички каттамдарды көбөйтүү боюнча пландарыбыз бар", - деди Калилов.

Депутаттар жол кырсыктарын азайтуу үчүн аба каттамдарын көбөйтүү зарылдыгын айтышты. Эл өкүлдөрү билдиргендей, учурда каттамда билет баалары кымбат болгондуктан жарандар унаа каттамында жүрүүгө аргасыз. Аталган министрликтин маалыматы боюнча, Бишкек-Ош унаа жолунда күнүнө 4 500 унаа, кышында 3 500, абдан көп жүргөндө 6 000ге чейин унаа жүрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
13.12.2017. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3 чиновниктин жегенине бир самалёт сатып алса болсо керек.
13.12.2017. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кантип эле акча жок болсун, ушундай маселеге келгенде эле мыйзамды билип калышат.
13.12.2017. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арзан баага алып келинген учактарда тобокел кылып учкандан көрө тобокел кылып унаа менен эле кете беребиз. Ички каттамдарда каттаган кээ бир учактар асманда чачылып кетпей жетип алсаң аябай кубанасын.
13.12.2017. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турк авиакомпаниясын иштетпей коюшканы баалар кымбаттады, мурда 1300 сомго чейин тушкон Ошко жол кире... акмак коррупционерлер конкуренцияны жок кылып монополияга орун берип коюшту да
13.12.2017. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бывший ажо, эки жарым гектарга 5 миллион доллар кетирип уй салбай, элин ойлоп эки-уч самолет алып берсе да бир аз арзандамак экен жол кире, аттин дуйно
13.12.2017. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баткенге учкан самалетко тушсон тиленип аран жетесин дешет. Аябай эскисин баткенге боло берет деп каттатып коюшкан го...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: