SUPER.KG порталы Кыргыз жергесиндеги кабар таратуучу сайттардын эң алдыңкысы деп табылды
"М-Вектор" консалтинг компаниясы медиа рынокту иликтөө максатында сурамжылоо жүргүзүп, SUPER.KG порталын Кыргыз жергесиндеги кабар таратуучу сайттардын эң алдыңкысы деп тапты. Сурамжылоонун жыйынтыгын компания бүгүн, 13-декабрда жарыялады.
Медиа рынокту иликтөө телеберүү, санариптик көрсөтүү, радиоуктуруу, басма сөз жана интернет айдыңындагы маалымат агенттиктерин камтыган. Сурамжылоо өлкөнүн 7 облусунда жана Бишкек, Ош шаарларында жүргүзүлүп, ага 14 жаштан жогору жаштагы жарандар катышкан.
Аталган компания сурамжылоону ар жылда 2011-жылдан бери жүргүзүп келет.
Маалымат үчүн:
SUPER.KG порталы 2005-жылдын 28-ноябрь күнү каттоодон өткөн. Google Analytics рейтинг аныктоочу ресурсунун көрсөткүчү боюнча 2017-жылы SUPER.KG порталы дээрлик 310 миллион жолу каралган.
кошулду
SUPER.KG жана "Супер-Инфо" Кыргызстанда №1 маалымат булагы болду


Форум пайдалуу, бирок аны тескеген аким-админдерге нааразычылык куч, аларды козомолдогон жетекчилердин болбогону окунучтуу..