super.kg logo

Нарында жөлөк пул боюнча мыйзамга нааразы болгондор митингге чыгышты

 

Бүгүн, 13-декабрда Нарын шаарынын борбордук аянтына бир катар жергиликтүү тургундар чогулушуп, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамга нааразычылыгын билдиришти. Алар колдоруна "Балдардын пособиесин кыскарткандар жооп беришсин", "Пособиени кыскарткан депутаттар элге келип жооп беришсин" деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп алышкан.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы тынчтык митингине 25ке жакын адам катышканын билдиришти.

"13-декабрда Нарын шаарында тынчтык митинги өттү. Анда 20-25 адамдан турган шаар тургундары 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирчү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамынын айрым пункттары боюнча, тактап айтканда, 3 жана андан көп баласы бар үй-бүлөлөргө төлөнүүчү жөлөк пулда каралган чектөөлөргө каршы экенин билдиришти.

Тынчтык чогулушка чыккан шаар тургундары менен Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жолугуп талаптарын укту жана мыйзам боюнча түшүндүрмө берди. Бирок чогулгандар тез арада мыйзамды иштеп чыккан Жогорку Кеңештин депутаттарын Нарынга келип эл менен жолугуусун жана мыйзамды кайра карап чыгуу боюнча Жогорку бийлик бутактарына кайрылуу жолдоп, талаптарын жеткирүүнү айтып тарашты", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, өзгөртүлүп жаткан мыйзамга ылайык жарык дүйнөгө келген ар бир ымыркайга бир жолу сүйүнчү акча, андан тышкары 3 жашка чейинки балдарга ай сайын жөлөк пул берилет. Эгер 3 жаштан 16 жашка чейинки 3төн ашык балдары бар үй-бүлөлөр болсо алардын балдарынын бардыгына эмес 3-баласынан баштап ай сайын акча төлөнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
13.12.2017. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туура алты баласы барлар ай сайын кантип алтооно биригип мин сом жетсин ,3 баласы барлар айына учооно биригип 500 сом бул кандай болот
13.12.2017. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошондо уч жаштан Жогорку эки балалууларга чыкпай калабы
13.12.2017. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жалгыз бой коп балалуулар кантет анда?Сооронбай сразу эле балдардын ырыскысына коз артса,жакшылык кутпой эле коюш керек.Пенсионер,мугалимдер коп айлык,жана пенсиядан умутун узотго мындай башталса....
JaneEr түзөттү 2017-12-13 15:15:41
13.12.2017. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мурда машинаң бар экен же базарда соода кылат экенсин деп төлөбөй койсо эми балдарың аз экен деп төлөбөй коюшат экенда анда. Ансыз да суммасын кыскартып салыптыр. Менин төрт балама 1200 айына жөлөкпул берилет экен. Аны да барсаң тияка-бияка деп чуркатып атып араң алышат документтерин. 1200 бул эмне деген акча. Уйга ушак бергендей эле болотко мунуңар. Жөлөкпулду кыскартпай өзүңөрдүн маянаңарды кыскартпайсыңарбы? Ансыз да жыйнап койгонуңар жетет.
13.12.2017. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чындыгында ушул мыйзам туура эмес болуп калды. Балдары коп , кыйналып жашагандарга эле беришсе болмок. Мисалы берген акчасынын мага кереги деле жок. Кудайга шугур озубуздун иштеп тапканыбыз жетет.
13.12.2017. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россияда.Материнский капитал.деген бар экен.ал акчага (шаардан)жок дегенде бир болмолуу уй алсан болот экен.биз андайга качан жетебиз?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: