super.kg logo
  Саясат  

Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп шайланды (өмүр баяны)

 

Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо өттү. "Ата Мекен" фракциясынан Сайдулла Нышановдун, "Республика-Ата Журт" фракциясынан Талант Мамытовдун, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Мирлан Бакировдун талапкерликтери сунушталган.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен вице-спикер болуп Мирлан Бакиров шайланды. Жашыруун добуш берүүгө 117 депутат катышып, Нышановго 18, Мамытовго 36, Бакировго 61 добуш беришти. Баарына каршы эки добуш берилген.

Белгилей кетсек, 6-декабрда парламент жыйынында депутат Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлыгынан өз каалоосу менен кеткен.

Мирлан Бакиров 1975-жылы 11-майда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылында туулган. Билими жогору. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономикалык факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1996-1998-жылдары — Мамлекеттик салык инспекциясынын Жалал-Абад облусу боюнча акциздер бөлүмүнүн инспектору;

1998-1999-жылдары — "Корпорация "Жалал-Абад" АКсынын башкы эсепчиси;

1999-2003-жылдары — Жалал-Абад облустук каржы башкармалыгынын жетектөөчү адиси, бюджеттик бөлүмдүн башчысы;

2003-2005-жылдары — "Марьям и Ко" ЖЧКсынын директорунун орун басары;

2005-2010-жылдары — "Дан-Юг" ЖЧКсынын директору;

2010-жылы "Республика" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Транспорт, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча ЖК комитетинин мүчөсү;

2015-жылы "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган;

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: