super.kg logo

УКМК: "ИИМ Академиясынын курсантынын айтымы боюнча, жардыруучу зат тууралуу маалыматты Дүйшөнбек Зилалиев айткан"

 

ИИМ Академиясынын курсантынын айтымы боюнча, жардыруучу зат тууралуу маалыматты Дүйшөнбек Зилалиев айткан. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.

Сулаймановдун айтымында, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Айтматов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жардыруучу зат коюлган деген жалган маалымат боюнча материалдарды текшерүүгө алып, 1-декабрда Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси (терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо) менен кылмыш ишин козгогон.

Учурда эки тараптын көрсөтмөлөрү козголгон кылмыш ишинин негизинде текшерилүүдө.

Айта кетсек, буга чейин "Дело №" гезити президент Сооронбай Жээнбеков ант берип жаткан күнү "өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлган" деген жалган маалымат тууралуу жазган. Басылманын маалыматында, ИИМ Академиясынын курсантына, кара Лексус айдап жүргөн белгисиз адам өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлганын айткан. Ал жерге Бишкек ШИИББинин ыкчам-тергөө тобу барып, шектүү эч нерсе табышкан эмес. Ошондой эле аталган басылма "бомба" тууралуу маалыматты учурдагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Дүйшөнбек Зилалиев тамаша катары айтканын жазды.

Ал эми Дүйшөнбек Зилалиев SUPER.KG порталына жогорудагы маалымат абсурд экенин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
13.12.2017. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Камасын анда бул эрке тай жаман эле коптуго ызы чуудан башы чыкбай
14.12.2017. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Властелин колецдеги коллунга окшош экен. Эржан деп коюш керек
Adiletia түзөттү 2017-12-14 09:22:21
13.12.2017. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тамашакөйлүгүн жымшыктын))
13.12.2017. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Премьер эмне озун ачып олтурат жумуштан алыш керек бул жерде президенттин омуру коркунучта болгон,чыккынчы Зилалиев ал агент да болушу мумкун текшериш керек теренден,биздин президенттин олумун калааган Адам дагы эле кызматта журот чон кызматта,ОЗУ эле арыз жазып кетип калса болмок катынча кызматка жармашпай,бети бет эмес бетон экен курсанты куноолоп жатат,гкнб га камап салгыла ушул кишки болчу деп жататго курсант дагы бир куну вице премьер тамаша кылат бомба деп камаш керек
13.12.2017. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мас болсо керекда соо адам антип айтпаса керек.
14.12.2017. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул икс кайдан чыга калды.
Мискенбай 2
Adiletia түзөттү 2017-12-14 09:23:53
13.12.2017. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камасын башка бироо телефон менен чалып койгон учун аны издеп убара болуп таап туруп анан камап атпайбы.Бул болсо издетпей эле тамаша деп озу айтып атса сразу камаш керек болчу мыйзам баарына бирдей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: