“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга толуктоолор киргизилди
Президент Алмазбек Атамбаев “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамга 3-июнда кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 18-апрелде кабыл алган. Ал өмүр бою кабыл алынуучу дары каражаттарын мамлекеттик сатып алуу учурунда тендердик табыштамаларды баалоонун критерийлерин тактоо максатын көздөйт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

