super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Силер интернетте отурганда ата-энеңер кандай кабыл алышат?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Силер интернетте отурганда ата-энеңер кандай кабыл алат?" деген тема талкууга алынган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Башында апам "ушул интернет сени багып жатабы?" деп урушчу. Анткени түнкү саат 3-4төргө чейин интернетте отуруп, эртеси күнү шылкыйып калчумун. Азыр унчукпайт, жумушум ошо болсо кантмек эле".

"Кээде өздөрү суранып "тигини, муну карап бере калчы" дешкенде Кудай берип отура берем. Кээде "чай ич" же "тигини, муну кыл" деп тилдери тешилет".
"Менин ата-энем эч каршы болбойт, кээде эле "көзүң эс алса жакшы болмок" деп калышат. Анткени өздөрү колдонбосо да интернеттин жашоого керектүү нерсе экенин түшүнүшөт. Кээде сурап да калышат, "интернетте не жаңылык?" деп. Өткөндө "тууганыбызды таап алып күндө байланышып калдык" десем, өздөрү отуруп алып "иий, интернет жакшы нерсе турбайбы" деп күлүшөт".
"Атам "силерге телефон эле болсо болду экен да, ата-эненин деле кереги жок, эч нерсе менен ишиңер жок" деп нааразы болот".
"Кээде тамак жасалбай, үй жыйналбай иштерим калып кетсе эжем келип "мониторго кирип кетпей жумуштарыңды жасап коюп анан отурсаң" деп урушат. Ал эми жолдошума баары бир, кайра-кайра чалып, жумуштан качан келесиң деп анын тынчын албаганыма сүйүнөт".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: