super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков менен Шавкат Мирзийоев бир катар документтерге кол коюшту (тизме)

 

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга жасаган расмий иш сапарынын алкагында биргелешкен документтерге кол коюу аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Расмий сапардын жүрүшүндө төмөндөгү документтерге кол коюлду:

1) 2018-2021-жылдары Өзбекстандын өкмөтү менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосунда экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу тууралуу программа;

2) Бажы мекемелеринин ортосунда товарларды жана транспорттук каражаттарды ооштурууда бажы операцияларын жүргүзүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин киргизүү тууралуу (жөнөкөйлөштүрүлгөн бажы коридору);

3) Өзбекстандын Илимдер академиясы менен Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын ортосунда илимий-техникалык кызматташуу тууралуу келишим;

4) Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ортосунда 2018-жылга өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тармагында кызматташуусу боюнча иш-чаралар планы;

5) Өзбекстандын Профсоюздар федерациясы менен Кыргыз Республикасынын Профсоюздар федерациясынын ортосунда кызматташуу тууралуу макулдашуу;

6) Өзбекстандын Жаштар союзунун Борбордук кеңеши менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: