super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков Шавкат Мирзийоевге “Данакер” орденин тапшырды

 

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзийоевге “Данакер” орденин тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Жээнбеков Мирзийоевге жогорку сыйлыкты тапшыруу ал үчүн чоң сыймык экендигин билдирди. “Сиз чындыгында эле кыргыз-өзбек мамилелериндеги достуктун жана жакшылыктын жаратуучусу болуп калдыңыз. Алмазбек Шаршенович менен бирге биздин өлкөлөр ортосундагы жакшы кошуналыкты тереңдетүү үчүн бекем пайдубал түздүңүздөр. Бекем саясий эркиңиз үчүн жана биздин ортобуздагы эки тараптуу мамилелерге жан дилиңиз менен кам көргөнүңүз үчүн сизге чоң рахмат”, - деди ал.

Мындан тышкары президент өзбек элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү, ал эми Шавкат Мирзийоевге достук мамиледеги Өзбекстанды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган ири пландарды турмушка ашырууда албан ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү орнотууга, салт болуп калган достукту жана ынак коңшулаштыкты бекемдөөгө кошкон жеке зор салымы үчүн "Данакер" ордени менен сыйланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: