super.kg logo

Депутат Икрамов: "Өлкөдө жалгыз Олимпиадалык резерв мектебинин абалы начар"

 

Өлкөдө Олимпиадалык резервдин балдар жана өспүрүмдөр адистештирилген мектебинин абалы начар. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.

Эл өкүлү окуу имараты оңдоп-түзөөгө муктаж экенин белгилеп, окуучулардын шартын жакшыртууну сунуштады.

"Акыркы жылдары өлкө спорт тармагында чоң ийгиликтерге жетишип жатат. Бишкек шаарында Олимпиадалык резервдик жалгыз спорт үйү бар. Учурда окуу жайда 420 бала тарбияланып келет. Анын имараты 1978-жылы салынган. 2010-2011-жылдары жарым-жартылай оңдолгон. 2018-жылы ушул спорт мектебин оңдоп-түзөөдөн өткөрүү керек. Заманбап шарттарды жаратып берсек абдан жакшы жыйынтык болмок. Мындан тышкары спортчулар ийгиликке жетиши үчүн эң негизгиси жакшы тамактанышы зарыл. Учурда окуучулардын төрт маал тамагына 200 сом бөлүнөт. Өкмөт бул маселени карап, тамак-аш үчүн каралган каражатты дагы көбөйтүп берсе жакшы болот эле", - деди Икрамов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: